ЖАРАНДЫК УКУК – өзүнө жарандык укук илимин, жарандык укук сабагын, жарандык мыйзамдарды камтыган укук тармагы. Мүлктүк жана ага байланышкан жеке мүлктүк эмес байланыштар анын негизги өзөгүн түзөт. Мыйзамда каралган учурларда жарандык укук адам укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле материалдык эмес жеке керт башына тийешелүү убайларын (мүлктүк эмес жеке мамилелерин, м.: адамдык абийири менен ар-намысын коргоону) коргоого багытталган мамилелерди жөнгө салат. КРде Жарандык кодекс анын негизги булагы болуп саналат.
Адамдын мамлекеттин жараны болуудан келип чыккан укуктары. Адамдар ортосундагы мүлк мамилелерин жөнгө салуу нормалары.
ЖАРАНДЫК УКУК БУЗУУ КУРАМЫ – мыйзамда белгиленген, адамды жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартууга негиз берүүчү шарттардын жыйындысы. Толук (жалпы) Ж.у.б.к. төмөндөгү шарттарды (элементтерди камтыйт: а) жүрүм-турумдун укукка сыйбастыгы; б) зыяндын болушу; в) укукка сыйбаган жүрүм-турумдун жана келген зыяндын ортосундагы себептик байланыш; г) зыян келтирүүчүнүн күнөөсү. Мыйзамда же келишимде каралган учурларда жоопкерчилик толук эмес (кыскарган) Ж. у. б. к. болгондо келип чыгат. Айталы, биркатар укуктук актыларда күнөө жоопкерчиликтин зарыл шарты болуп эсептелбейт.
Состав гражданского правонарушения
ЖАРАНДЫК УКУК КОРГОНУУСУ – КР жарандык мыйзамдарында каралган жарандык укуктун коргонуу ыкмаларынын бири. Ж. у. к. укук бузуу менен бирдей өлчөмдө болууга жана ага бөгөт коюу үчүн зарыл болгон аракет чегинен чыкпоого тийиш. Милдеттенмени камсыз кылуу ыкмаларынын бири – «кармап калуу» Ж. у. к-нун бир мисалы болуп саналат.
ЖАРАНДЫК УКУК ОБЪЕКТИЛЕРИ – жарандык укук мамилелери пайда болгон материалдык жана материалдык эмес (байлыктар)жыргалчылыктар. КР жарандык мыйзамдарына ылайык Ж. у. о. буюмдар, акча жана баалуу кагаздар, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар; коргоодогу маалыматтар жана акыл эмгегинин жемиштери, фирмалык аталыштар, товар белгилери ж. б. буюмдарды айырмалоочу каражаттар, ошондой эле материалдык жана материалдык эмес байлыктар кирет. Жарандык укуктун объектери эркин ажыратыла берүүсү же баарына тийиштүү (мурастоо, юридикалык жакты кайра уюштуруу) укук мураскерлиги иретинде же болбосо, эгер алар мыйзам аркылуу жарандык жүгүртүмдөн алынып салынбаса же жарандык жүгүртүмдө чектелген болбосо, башка ыкмалар менен бир кишиден экинчисине өтө берүүсү керек.
ЖАРАНДЫК УКУКТАН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНУУ – жарандык укук бузуунун бир түрү; укук менен башка жактын кызыкчылыгын бузуу менен, ал өзүнүн укугун мыйзамга кайчы максатта же мыйзамсыз каражаттар аркылуу жүргүзөт (м.: өзүнүн укугун атаандаштарынын аракетин чектөө же базардагы үстөмдүк абалынан пайдалануу максатында колдонушу).
ЖАРАНДЫК УКУКТАР – 1) жарандык укуктагы жарандык укук мамилелеринин мазмунуна кирген (жарандык милдеттер менен бирге) укуктарды белгилөө үчүн колдонулуучу түшүнүк. Ж. у. өзүнүн мазмуну боюнча мүлктүк жана мүлктүк эмес жекече укуктар болуп бөлүнөт; 2) «жекече укук» түшүнүгүнүн эларалык укук тилиндеги түгөйлөш түшүнүгү жаран укугу болуп саналат.
ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫ КОРГОО –бузулган же талаш-тартыштуу жарандык укуктарды коргоо актыларын жана тартиптерин аныктоочу жарандык мыйзам институттарынын бири. КР жарандык мыйзамдарына ылайык Ж. у. к-ну сот же бейтарап сот, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда ошондой эле административдик органдар да жүзөгө ашырат. Ж. у. к. төмөндөгүдөй ишке ашырылат: а) укугун таануу; укуктарды бузганга чейинки абалды калыбына келтирүү жана укуктарды бузуучу же анын бузулушуна коркунуч келтирүүчү аракеттерди болтурбай коюу; б) талаштуу иштерди жараксыз деп табуу жана анын жараксыз делген жыйынтыктарын колдонуу; кичинекей иштин жараксыздалган жыйынтыктарын колдонуу жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жолдор менен ашырылат.